Жаңылыктар
Энергетикадагы абал
Кыргызстан жаңылыктары
Энергетикадагы абал

Өлкө электр энергияны 2 сомдун тегерегинде импорттоп жатат. Буга чейин коңшу мамлекеттерден алынган жарык 5 сомдон бааланып, калкка 77 тыйындан берилип келген. Ортодогу айырма элдин эсебинен, тагыраагы казынадан кеткен чыгым болчу. Быйыл мындай кыянаттыкка, шалаакылыкка жол берилбесин айткан Президент Садыр Жапаров, азыр электр энергия 2 сомдун тегерегинде импорттолуп жатканын кошумчалаган. 

Кыргызстан өзү 15 млрд. киловат саатка чейин электр энергиясын чыгара алат. Анын 95 пайызы гидроэлектр станциялардан, калганы Бишкек ЖЭБинен өндүрүлөт. Бирок керектөөчүлөр улам көбөйүп жаткандыктан, өзүбүздө өндүрүлгөн жарык жетпей калышы мүмкүн.
 

Мындан улам бүгүнкү күндө Түркмөнстан, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстандан электр энергия алынууда. Бүгүнкү күндө Тажикстандан суткасына 1 млн. киловатт саат электр жарыгы алынууда. Дагы канча электр энергия импорттолору боюнча сүйлөшүүлөр аяктай элек. Ал эми, Казакстан менен Өзбекстан мурдагы товар алмашуу келишимдерине ылайык, жылына 1 млрд. 650 млн. киловатт саат электр энергия берип жатат.
 

Буга чейин Президент Садыр Жапаров өлкөдөгү энергетикалык абал боюнча пикирин билдирип, жарыктын баасына, импорт маселесине кеңири токтолгон.
 

Эгер өлкө жеке кызыкчылыгын ойлоп, Токтогул ГЭСти электр энергиясы үчүн эле пайдаланса, суу кышка кеңири жетет дешет адистер. Айтымында, жаздан кышка чейин кайра сууну толтуруу үчүн ГЭСти толук жабууга туура келет. Анда коңшу өлкөлөрдө кургакчылык болуп, жалпы баарыбыз үчүн оор кесепетке алып келет. Ошону үчүн кошуна мамлекеттердин дагы камын ойлоо керек. Ошого жараша алар дагы электр энергиясын берип жатышат. Мунун эсебинен азыр Токтогул ГЭСине суу толтурулууда.
 

Президент өз билдирүүсүндө электр энергиясына кайдыгер мамиле жасап, сарамжалдуу пайдаланбай жаткандарга дагы токтолгон. Мындан улам жазда электр жарыгынын баасын эки категорияга бөлүп, жогорулатуу пландалган. Бирок, буга каршы чыккандар болгон. Жыйынтыгында 2025-жылга чейин орто мөөнөттүү тариф саясаты төмөндөгүдөй бекитилди.

Энергетикалык таңкыстыктан чыгып, электр жарыгын эскпорттоочу мезгил алыс эмес. Алсак быйыл 10 жылдан бери салына элек суу сактагычтарды куруу колго алына баштады. Жакында эле Киров суу сактагычындагы «Бала-Саруу» ГЭСине капсула салынып, курулушу жүрүп жатат. Андан сырткары Камбар-Ата ГЭС-2нин экинчи агрегатын ишке киргизүү, Токтогул ГЭСин жана Ат-Башы ГЭСин модернизациялоо, Папан, Орто-Токой, Төрт-Гүл суу сактагычтарында чакан ГЭСтерди куруу каралууда.