Энергетика жана өнөр жай министрлиги жарандарды электр энергиясын сарамжалдуу колдонууга чакырат. 5-октябрга караган түнү Бишкекте жылуулук бериле баштайт. Алгач мектеп, оорукана, бала бакча, төрөт үйлөрү жана социалдык коргоо мекемелерине берилет. Андан кийин карылар үйлөрү, өнөр жай ишканаларына жана турак жайларга таратыла баштайт. Белгилей кетсек, абанын орточо суткалык температурасы беш күн бою +8˚С болгондо жылуулук бериле баштайт.
Көк-Жар айылынын тургуну Айгүл Сеитова жаштайынан электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланганга көнгөн. Тамак-ашты очокко жасап, чайды самоорго кайнатып учурда кыз-келиндерине өрнөк болууда .
Жаңы салынган үйүн жылытуу үчүн да жалаң көмүрдү пайдаланат. Бир кыштан чыгуу үчүн 3-4 тонна көмүр керектелээрин айтат. Эртен менен кечинде эки маал жагып кара алтынды 3 айга жеткирет .
Электр энергиясын ченемсиз артыкбаш колдонуу акылга сыйбаган иш. Калкыбыз электр менен кошо бардык ресурстарды үнөмдөөгө үйрөнүшү керек. Колдо бар байлыктарыбызга эгер аяр мамиле кылбасак анда абалыбыз начарлап, энергетикалык каатчылык күчөйт,-дейт серепчилер.
Электр энергиясын керектөө жылдан жылга өсүүдө.Ишке кирип жаткан жаңы ишканалар менен салынган жаңы үйлөрдүн баары электр энергиясы менен жылытылат. Учурда бир сутканын чыгымы 30 миллион Квт сааттан жогору болсо, кыш мезгили учурундагы катуу суукта 60-70 миллион киловатт саат электр энергияга жетет.
Адистердин айтымында, жаратылыш факторунун кесепетинен Токтогул ГЭСиндеги суунун көлөмү да жылдагыдан азыраак. Учурда 12,3 миллиард куб суу бар. Жаан-чачын аз болуп, кургакчылык болгондуктан суунун көлөмү төмөндөп кеткен. Электр энергия көп өндүрүлүшү үчүн албетте суу көп болушу керек. Качан жаратылыш байлыктарыбыз менен электр энергияны барктап сарамжалдуулук менен мамиле кылганда гана энергетикалык таңкыстыктан чыгып экспорттоого жетишебиз .