Мындан ары бардык шайлоолор болушунча таза өтөт. Добуш сатуу жана сатып алууга жол берилбейт, же ким кызматта туруп кайсы бир партияга же талапкерге иштесе, дароо кызматтан алынып, жоопко тартылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди. Өлкө башчысы шайлоодо ар бир талапкерге жеке добуш берүүгө шарт түзүлгөнүн белгилеп, жалпы эл өзү добуш берүү менен парламентти люстрация кылууга чакырган.
Быйыл шайлоо аралаш система менен өтөт. 36 депутат бир мандаттуу окуругдардан, ал эми 54ү партиялык тизме менен шайланат. Партиянын ичинен да шайлоочу каалаган талапкерине добуш бере тургандай шарт түзүлдү. Андыктан парламентти люстрациядан өктөрүүгө шайлоочулардын өзүнө мүмкүнчүлүк берилүүдө. Ошого жараша жарандар добуш сатуу сыяктуу шайлоонун шайтан оюндарынан өздөрү оолак болушу керек.
Ал эми добуш сатып алган талапкерлерге, ошондой эле админстративдик ресурсту пайдаланып добуш берүүнүн журушүнө кийлигишкен мамлекеттик кызматкерлерге катуу жаза бар. Президент кайрылуусунда бул тууралуу да баса белгиледи. Шайлоо өнөктүгүнүн бардык катышуучулары мыйзамда белгиленген тартипти так аткарууга милдеттүү.
Мына ошондуктан өлкө башчысы эми эскилер кайра келе жата деп чуу салууга негиз жок экенин, каалабаган талапкерге добуш бербей койсо ал парламентке келе албасын эскерткен. Мурдагыдай “биринчи ондукка кирип алсам, депутат болом” деген өнөкөт эми жок. Тизмеде акыркы болуп дагы, көп добуш алса депутат болууга мүмкүнчүлүк бар. Адистер мындай эреже добуш берүүнү таза жана ачык өткөрүүгө өбөлгө болорун белгилешет.