Жаңылыктар
Жалал-Абад ОИИБ: Эл аралык мелдештерде жеңишке жетишкен кызматкерлер сыйланышты
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абад ОИИБ: Эл аралык мелдештерде жеңишке жетишкен кызматкерлер сыйланышты

Бүгүн, 4-октябрда Жалал-Абад ОИИБдин имаратында эл аралык жана жергиликтүү спорттук оюндарда ийгиликке жетишкен ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын кызматкерлери сыйланышты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 

Алар ХХ Эл аралык Азия регионалдык кызматташтык жана тынчтык урааны астында Ысык-Көлдө өткөн мелдеште, Москва шаарында өткөн каратэ-до боюнча “Дүйнөнүн алтын кубогу” чемпионатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн алыш күрөшү боюнча кубогунда жана жергиликтүү спорттук иш-чараларда байгелүү орундарды камсыздашкан. Спортчуларга  кубоктор, дипломдор жана медалдар тапшырылды.

Сыйлыктарды тапшырып жатып Жалал-Абад ОИИБдин начальнигинин сотко чейинки өндүрүш иши боюнча орун басары милициянын полковниги Алмаз Кудайбердиев спортчуларды жетишкен ийгиликтери менен куттуктады. Ошондой эле алардын мындан ары да көптөгөн ийгиликтерди багындыруусуна тилектештигин билдирип, иштерине ийгиликтерди каалады.