Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Австрияга болгон жумуш сапарынын алкагында Штирия шаарынын соода-өнөр жай палатасынын директору Карл Хайнц Дерношег жана санариптештирүү, маалыматтык коммуникациялык технологиялар жана инфратүзүмдү жакшыртуу тармагындагы австриялык компаниялардын жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралууведомствонун маалымат кызматы билдирди.
Министр Австриядагы региондорду жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну, ошондой эле өнөр жайды, чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүү тажрыйбасы Кыргызстан үчүн маанилүү экендигин маалымдады. Кыргызстандын региондору Австриянын аймактары менен соода-экономикалык, илимий-техникалык, маданий-гуманитардык байланыштарды, боордош мамилелерди түзүүгө кызыкдар жана даяр экендиги айтылды.
Тараптар ошондой эле, эки өлкө соода-экономикалык кызматташуусунун олуттуу пайдаланылбаган дараметин, товар жүгүртүүнү көбөйтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.