Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина алгандардын арасында каза болгондор жок. Бул тууралуу “Биринчи радионун” эфиринде саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Анын айтымында, өлкө аймагында 1 жарым млн адам эмделди. “Ар бири 7 күн аралыгында байкоодо болот. Министр катары коронавируска каршы вакцина алгандардын арасында каза болуу фактысы катталбагандыгын билдирем. Токтогулдагы вакцинадан каза болду делген аял боюнча териштирүү жүргүзүлгөн. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында ал аял вакцина алып жаткан учурда пневмония менен ооруганы аныкталган. Вакцинага чейин эле анын өпкөсүнө суу толуп калган”, - деди министр.