Кыргызстандык балбан Алибек Осмонов ушул күндөрү Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөт.
3-октябрда Осмонов эркин күрөштөн 65 килограмм салмакта килемге чыгып, төрт беттеш өткөрдү. 1-айлампада Иран балбаны төрт упай алып алдыга чыккан. Осмонов 1-айлампа бүтөрүнө аз калганда алгачкы эки упайды эсебине жазып, 2-айлампада дагы эки упайлык ыкма менен эсепти теңеген. Таймаштын бүтөрүнө саналуу секунддар калганда ирандык балбанга бир упай жазылып, атаандашы финалга чыкты.
Белгилей кетсек, 4-октябрда 70 килограмм салмакта Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев килемге чыгып, шри-ланкалык спортчу менен күч сынашат. Бул күнү кыз-келиндер күрөшүнөн кыргызстандык үч кыз байге үчүн таймаштарын баштайт.