"Түндүк электр" мамлекеттик ишканасы саламаттык сактоо мекемелери өзгөчө көзөмөлдө экенин белгилеп, электр энергиясы үзгүлтүксүз берилерин билдирди. Бул тууралуу ишкана “Фейсбуктагы” баракчасында кабарлады.
Ишкананын карамагында Бишкек шаары боюнча 24, Чүй облусунда 16 жана Талас аймагында 9 медициналык мекеме бар. “Авариялык учурларда гана өчүрүү болушу мүмкүн. Мындай кырдаалда ооруканалар генераторлоруна кошулушу керек”, - деп айтылат кайрылууда. Буга чейин социалдык тармактарда ооруканалардын жарыгы өчүрүлүп жатканы жөнүндө маалымат тараган болчу.
Бийлик электр энергиясын үнөмдөө максатында көчөдөгү көрнөк-жарнактардын, кафе-ресторан, дүкөн жана оюн-зоок, соода борборлорунун жарнактык жарыктары белгилүү убакытта өчүрүлө турганын билдерген.