Кыргызстандын майыптар коомуна атайын жасалгалары менен маршруттук автобус тапшырылды. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге арналган бул унаа 14 адамга ылайыкталган.
Тагыраагы, арабасы менен киргендер үчүн 6 орун жана 8 отургуч бар. Жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн атайын коргоочу курлары да ылайыкталган. Гуманитардык жардам катары унаа Германия элчилиги тарабынан берилди. Тапшыруу аземи Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүү министрлигинин, Германиянын элчилигинин жана майыптар коомунун өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.
Белгилей кетсек, майыптар коомунда жалпы 22 миңге чукул киши болсо, анын 3 жарым миңи 18 жашка чейинкилер.