3-октябрда Россиянын Санкт-Петербург шаарынан Ошко багыт алган учак аргасыз Казань шаарына конду. Бул тууралуу россиялык ЖМКлар жазышты.
Маалыматка ылайык, жүргүнчүлөрдүн биринин абалы начарлаганына байланыштуу учак Казань аэропортуна аргасыздан конгон. Жүргүнчү Казань шаардык ооруканасына жаткырылды.