Быйыл электр энергиясы, жылуулук жана ысык сууга тарифтер өзгөрбөйт. Бул шартты бекемдеген 2021-2025-жылдарга карата тарифтик саясат бекитилип, Министрлер Кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду. Ага ылайык азыркы эле тариф боюнча төлөм ишке ашыралат.
Тагыраагы айына 700 кВт саатка чейинки жарыкты колдонгондор 77 тыйындан ал эми андан ашыкча колдонгондор 2 сом 16 тыйындан төлөшөт. Мындан сырткары тоолуу аймактарга өзүнчө жумшартылган тариф киргизилди.
Министрлер кабинети 2025-жылга чейин тариф боюнча бекиткен документке ылайык электр энергиясы, жылуулук жана ысык сууга болгон төлөмдөр өзгөрүүсүз калды. Тагыраагы азыркы тариф өзгөрбөйт. Анда жалпы колдонулуучу тарифтик ченемден сырткары айрым категориялар боюнча жумшартылган төлөм акылары киргизилди.
Учурда Токтогул суу сактагычында былтыркыга караганда 3 млрд куб метрге суу аз. Эгерде кышкысын электр энергиясын ашыкча колдонуулар болсо, анда суунун көлөмү тобокелдик ченемине жетип бул өлкө үчүн кооптуу абалга алып келет. Андыктан Министрлер Кабинети жарыкты үнөмдүү пайдалануу боюнча бардык аймактарда түшүндүрүү иштерин жургүзүүдө. Бирок, бул электр энергиясына чек коюу дегендик эмес.
Эмдиги жылуулук маалынан баштап инфляцияга жараша электр энергиясы менен жылуулукка болгон төлөмдөр 7-10 пайызга ал эми ысык суу 14 пайызга чейин көтөрүлүшү ыктымал. Азыркы тапта орто эсеп менен киши башына суунун кубу 34 сом 50 тыйын. Тарифтердин өзгөрүшү менен суу түтүктөрүн жаңылоо жана тармакты модернизациялоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Учурда электр энергиясы тартыш болгондуктан аны импорттоо жөнүндө бир катар келишимдер түзүлдү. Ушул жылытуу мезгилине Түркмөнстандан 3 млрд кВт саат электр энергиясы алынат. Мындан сырткары Орусиядан 2-3 млрд кВт саат электр энергиясын Казакстан аркылуу транзиттик жол менен сатып алууга сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.