Чүй облусунун аймагында 27-сентябрдан 3-октябрга чейин 2 миң 654 жол эрежесин бузуу катталды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.
Анын ичинен мас абалында унаа башкаруу - 33, жогорку ылдамдыкта унаа башкаруу - 1 миң 7, 22 айдоочу документи жок унаа башкарган. Атайын айып унаа токтотуучу жайга 63 унаа токтотулду.