Жаңылыктар
Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясы жөнүндө жарлыкка президент кол койду
Кыргызстан жаңылыктары
Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясы жөнүндө жарлыкка президент кол койду

Президент Садыр Жапаров “2021-2026-жылдарга Кыргызстандын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирет. 

Жарлык элдин биримдигин, маданияттар аралык жана диндердин ортосундагы ынтымакты камсыз кылуу, мамлекеттик-конфессиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү, мамлекеттин светтик негиздерин чыңдоо жана “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” Кыргызстандын мыйзамын ишке ашыруу максатында чыгарылды.