Жаңылыктар
Кыргызстан Дубайдагы бүткүл дүйнөлүк "Expo-2020 Dubai" көргөзмөсүнө катышууда
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан Дубайдагы бүткүл дүйнөлүк "Expo-2020 Dubai" көргөзмөсүнө катышууда

Дубайда бүткүл дүйнөлүк "Expo-2020 Dubai" көргөзмөсү өтүүдө. Анда кыргызстандыктар үчүн уюштуруучулар эки кабаттуу имарат бөлүнгөн. 

Көчмөн жашоо образына негизделген кыргыз элинин өзгөчө маданиятын, салтын, үрп-адатын көрсөткөн экспозиция түзүлдү. Көрүүчүлөр боз үйгө кирип, үй буюмдарын кармалап көрсө болот. Салттуу кийим, зер буюмдар да коюлган. Ошондой эле атайын технологиянын жардамы менен виртуалдык турга барса болот. Мындан сырткары дың жерлерди сугаруу жана өлкөдө өндүрүлгөн продукцияны экспорттоо боюнча ата мекендик компаниялардын инновациялык чечимдери коюлган. Expo-2020 Dubai 182 күн бою "Акылдарды бириктирип, жаркын келечекти түзөбүз" деген ураандын астында инновация, өнөктөштүк жана кызматташуу үчүн платформа катары кызмат кылат. 

Белгилей кетсек, 14-декабрда дүйнөлүк көргөзмөнүн алкагында Кыргызстандын улуттук күнү өтөт. Программада мамлекеттин туусу көтөрүлүп, гимн жаңырып, эстрада жылдыздары ырдашат. Ошондой эле кыргыз-араб бизнес форуму, экспорттук продукциялардын көргөзмөсү жана туристтик форум камтылган.