Борбордо Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү Маратбек Шарафидиновдун жеке сүрөт көргөзмөсү өттүүдө.
Иш-чара Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде уюштурулуп, сүрөтчүнүн 70 жылдык мааракесине арналды. Көргөзмөдө театралдык эскиздер, станоктук живопись жана автордун эскиздери боюнча театрлаштырылган костюмдар коюлду.
Ошондой эле автордун жазуучу Чыңгыз Айтматов, Жалил Сыдыков, Төлөгөн Касымбеков, Уильям Шекспирдин чыгармаларынын негизинде чагылдырылган сүрөттөрү коюлду.
Сүрөтчүнүн айтымында, айрым сүрөттөр жылдап жаралса, кээ бирлерине көп убакыт талап кылынбайт.
Белгилей кетсек, Маратбек Шарафидиновдун эмгектери коюлган көргөзмө 16-сентябрга чейин уланат.