Жаңылыктар
Илимий-техникалык кызматташтык
Кыргызстан жаңылыктары
Илимий-техникалык кызматташтык

Вена шаарында Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Эл аралык атомдук энергия боюнча Агенттигинин Башкы директору Рафаэл Мариано Гросси менен жолугушту. 

Министр Агентикке мүчө мамлекеттерге карата ядролук илимдерге, технологияларга жана ядролук эмес технологияларды тынчтык максатта колдонууда көмөк көрсөткөндөгү ролун жогору баалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр брахитерапия, нур терапия жана ядролук медицинанын техникалык кызматташтыгынын долбоорлорун ишке ашырууну тездетүүнү өтүнүп, Кыргызстан ЗОДИАК демилгесине кызыкдарлыгын белгиледи. ЗОДИАК - зооноздук ооруларды аныктоого жана көзөмөлдөөгө, өлкөлөрдөгү жаңы жана жаңыдан пайда болгон патогендерге каршы күрөшүүгө болгон даярдыгын жогорулатууга багытталат. 

Гросси мырза Агенттик менен Кыргызстандын ортосундагы өз ара кызматташтыктын активдүүлүгүн белгилеп, пландалган жана ишке ашырылып жаткан долбоорлоруна колдоо көрсөтөт.

Белгилей кетсек, Кыргызстан 2003-жылы Эл аралык атомдук энергия боюнча Агенттиктин башкы конференциясынын 47-сессиясында 137-мүчөсү болгон.