Жаңылыктар
Жеке каржы секторун колдоо
Кыргызстан жаңылыктары
Жеке каржы секторун колдоо

Жеке жана финансы секторун шашылыш колдоо долбоорун ишке ашыруу башталганын Экономика жана финансы министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. 

Долбоордун максаты - майда, чакан жана орто ишканаларга COVID-19 пандемиясынан келип чыккан кризистен чыгууда, экономиканын басаңдашын жеңил өткөрүүгө жана жумуш орундарын сактоого жардам берүү. 

Анын алкагында 72 миллион доллар өлчөмүндө пайызсыз каражат берилет. Бул болжол менен 6 миллиард 84 миллион сомду түзөт. 

Министрлик каражат пайызсыз негизде берилгени менен ал сумманы кайтаруу шарты бар экенин белгиледи. 

Башкача айтканда, үстөк пайыз кошулбай, негизги сумманы гана кайтарат. Насыяны берүү үчүн банктар менен келишим түзүлгөн.