Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Вена шаарында Австриянын Федералдык экономикалык палатасынын вице-президенти Рихард Шенц менен жолукту.
Тараптар Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы менен Австриянын Федералдык экономикалык палатасынын ортосундагы кызматташууну андан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Министр ЖПС+ статусун эске алуу менен айыл чарба продукциясын өндүрүү, кайра иштетип Евро Биримдиктин рынокторуна сатуу боюнча Кыргызстанда биргелешкен ишканаларды түзүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.
Палатанын вице-президенти австриялык тараптын ноу-хау, алдыңкы технологиялар жана жогоруда аталган бардык тармактарда Кыргызстандын экономикасын реформалоодо жана мамлекеттик башкаруу тармагына австриялык эксперттердин жардамын берүүгө даярдыгын билдирди.
Р.Шенц австриялык ишканалардын саламаттыкты сактоо, билим берүү, санариптештирүү чөйрөлөрүндөгү долбоорлорду жүзөгө ашыруу үчүн «жумшак» насыяларды берүү мүмкүн экендигин билдирди.