Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Октябрь жалпы дарыгерлик практикалык борборунун кызматкерлери менен жолукту.
Министр Медициналык жардамдын сапаты, саламаттыкты сактоону уюштуруунун курч көйгөйлөрүн укту. Кызматкерлердин айтымында ооруканага жаңы рентген-аппарат алыш керек.
Жолугушуунун жыйынтыгында А.Бейшеналиев аймактык координаторго коронавирустук инфекциянын эпидемиологиялык абалын көзөмөлдөө, калкты COVID-19га каршы эмдөө боюнча бир катар тапшырмаларды берип, министрлик рентген-аппарат бөлүү мүмкүнчүлүгүн карай турганын айтты.