Кыргызстан ушу жылдын 29-сентябрында Мумбайда Өнөр жайчылар ассоциациясы тарабынан уюштурулган «Speed Networking» аттуу жылда өткөрүлө турган 7-бизнес-форумунун негизги өлкөсү катары көрсөтүлдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирет.
Иш-чарада Мумбайдын бизнес секторунун өкүлдөрүнүн кызыгуусун жараткан ар кандай секторлордогу инвестициялык долбоорлор тааныштырылды.
Анда Кыргызстандан Индияга жыл сайын 100 тоннадан 400 тоннага чейин асафетида жемиштерин жеткирүү;
Мейманканалардын курулушуна инвестиция салуу боюнча жыл соңуна чейин бизнес-делегациянын сапарын уюштуруу;
Туристтик делегациялардын өкүлдөрү үчүн гана укмуштуу туризм чөйрөсүндө сапарлары;
Болливуд делегациясынын киного тартуу жерлерин жана пейзаждарды изилдөө;
Индия-Евразия соода кеңешинин кеңсесинин базасында биздин өлкөнүн соода-экономикалык жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү үчүн зал ачуу;
Зер буюмдарын жасоо үчүн Индияга алтын экспорттоо мүмкүнчүлүктөрү, пайдалуу кендерди экспорттоо мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.