Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Алтай Республикасынын башчысы Олег Хорохордин менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирет.
Жолугушууда Төрага тарыхы жана маданияты тектеш эки элдин алакасы чоң мааниге ээ экенин баса белгиледи. Жакында эле Ысык-Көлдө "Чоң Алтай: Россия-Кыргызстан 2021" аталышындагы изилдөөгө эки өлкөнүн 13 илимпозу катышып, этнографиялык окшоштуктарды изилдеди.
Мындан сырткары Мамытов Манастын эстелигин орнотууга Тоолуу Алтайдан жер бөлүп берүү мүмкүнчүлүгүн караштырууну өтүндү. Олег Хорохордин айтылган бардык сунуштар эске алынаарын белгилеп, жолугушуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Тараптар эки өлкөнү байланыштырган түз аба каттамын ачуу зарыл экендигин кошумчалады. Айыл чарба, туризм, миграция жаатында кызматташтыкты кеңейтүү маселелери көтөрүлүп, Талас облусу менен Алтай Республикасынын ортосунда алаканы өнүктүрүү сунушу айтылды.