Жаңылыктар
Кумтөр: улуттук кызыкчылык эске алынат
Кыргызстан жаңылыктары
Кумтөр: улуттук кызыкчылык эске алынат

Швейцариянын Женева шаарында Кумтөр маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду жыйынтыкталды. 

Мындан мурда кыргыз тарапка «Центерра» компаниясынын жетекчиси Скот Перринин түзүлгөн кырдаалды чечүү боюнча мүмкүн болгон бардык жолдорду, Кыргызстан «Кумтөр Голд Компанинин» менчик ээси болуп калышы сценарийин дагы карап көрүү үчүн нейтралдуу территорияда сүйлөшүүлөрдү өткөрүү сунушу менен каты келип түшкөн. 

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча сүйлөшүүлөргө кыргыз делегациясынын курамында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, башкы прокурор Курманкул Зулушев, «Кумтөр голд компани» компаниясынын тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк жана укук тармагындагы адистер жөнөгөн. Кыргып тарап сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттанып, зарыл болгон учурда аны улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен улантууга даяр», - деп билдирди Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев.