Анда ата мекендик нукура таза продукцияларды көрүүгө болот. Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин имаратынын алдында уюштурулган иш-чара 3-октябрга чейин уланат. Бул убакыт аралыгында балдар арасында жаратылышты коргоого багытталган сынактар уюштурулуп, үй кожейкелери үчүн туура тамактануу боюнча мелдештер, мастер класстар өткөрүлмөкчү.
“ORGANIC EXPO 2021” көргөзмө-жарманкесине Кыргызстандын өндүрүүчүлөрүнүн жана кайра иштетүүчүлөрүнүн органикалык айыл чарба продукциялары коюлду. Себеби, таза айыл чарба азыктарына өтүү - бул жаратылыш ресурстарын сактоо жана сарамжалдуу пайдалануу.
Жарманке Кыргызстандагы Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин колдоосу менен өтүүдө. Иш-чаранын расмий ачылышында аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчиси Ли Вон Чжэ Кыргызстан Кореяда кооз жаратылышы менен белгилүү экенин белгиледи. Алар өлкөнүн ушул өзгөчөлүгүн эске алып, айыл чарба багытында тыгыз кызматташып жатканына токтолду.
Көргөзмө-жарманкени Органикалык айыл чарба департаменти таза продукцияларды сыртка экспорттоо максатында уюштурган. Себеби, айрым дыйкандар органикалык продукцияларды өндүргөнү менен сыртка чыгара албай жатышат.