Жаңылыктар
Быйыл электр энергиясы, жылуулук жана ысык сууга тарифтер өзгөрбөйт
Кыргызстан жаңылыктары
Быйыл электр энергиясы, жылуулук жана ысык сууга тарифтер өзгөрбөйт

Быйыл электр энергиясы, жылуулук жана ысык сууга тарифтер өзгөрбөйт. Бул шартты бекемдеген 2021-2025-жылдарга карата тарифтик саясат бекитилип, Министрлер Кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду. Ага ылайык азыркы эле тариф боюнча төлөм ишке ашыралат. 

Тагыраагы айына 700 киловат\саатка чейинки жарыкты колдонгондор 77 тыйындан ал эми андан ашыкча колдонгондор 2 сом 16 тыйындан төлөшөт. Мындан сырткары тоолуу аймактарга өзүнчө жумшартылган тариф киргизилди. Кененирээк кабарчыбыздын материалында.

Министрлер кабинети 2025-жылга чейин тариф боюнча бекиткен документке ылайык электр энергиясы, жылуулук жана ысык сууга болгон төлөмдөр өзгөрүүсүз калды. Тагыраагы азыркы тариф өзгөрбөйт. Анда жалпы колдонулуучу тарифтик ченемден сырткары айрым категориялар боюнча жумшартылган төлөм акылары киргизилди.