1-октябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 млрд 303 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын маалымат кызматы билдирет.
Суунун агып келиши секундасына 282 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 256 куб метрге жетүүдө. Белгилей кетсек, суу сактагыч Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн эриген көлөмүнө жараша толот.