Кыргызстандын жогорку окуу жайлардагы билим берүү программасын өзгөртүү керек. Мындай пикирлер журналистика жаатындагы билим берүү, андагы көйгөйлөр жана аны чечүү жолдорун талкуулаган жыйында айтылды.
Ага өлкөдөгү 12 жогорку окуу жайдын мугалимдери катышып, базалык программаны үйрөтүүчү төрт жылдык окуу менен бирге жумушта иштеп тажрыйба алуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Окуу жайлар жаңы усулдарды колдонуп, бүтүрүүчүлөрдү жумуш менен камсыз кылууга жоопкерчилик алуу жагы демилгеленди.
Европа өлкөлөрүндө жогорку окуу жайлар жумуш берүүчү тарап менен жыл сайын келишим түзүп, студенттерди иш менен камсыз кылууга алдын ала кам көрүшөт. Азыркы тапта Кыргызстанда кесиптин ээси болгон жаш адистердин 40 % ашыга гана жумуш менен камсыз болушат. Калганы каражат табуу үчүн башка багыттар боюнча иштешет.