Баткенде карыларга акчалай колдоо көрсөтүлгөнүн Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирет.
1-октябрь - Карылардын эл аралык күнүнө карата президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков Баткен шаарындагы 100 жаштан ашкан карыялардан кабар алды. Алгач Улуу Ата мекендик согуштун ардагери, 101 жаштагы Ашир Рахматовдун абалын сурап, аксакалга өкүлдүн куттуктоосун айтып жана акчалай белегин тапшырды.
Ошондой эле 100 жаштагы оруктун ардагери Масеит Исаев, 87 жаштагы Урийпа Эргешовадан кабар алып, майрамдары менен куттуктады. Карылардын эл аралык күнүнө карата облустагы 100дөн ашкан 21 карыяга өкүлдүн резервдик фондунан акчалай колдоо көрсөтүлдү. Мындан сырткары, облус боюнча 90 жаштан 99 жашка чейин 66 ардагерге жер-жерлерде жергиликтүү бийлик жана мекеме-ишканалар тарабынан жардамдар көрсөтүлүүдө.