Жаңылыктар
Милиция Ноокен районундагы киши өлтүрүү фактысынын бетин ачты
Кыргызстан жаңылыктары
Милиция Ноокен районундагы киши өлтүрүү фактысынын бетин ачты

2021-жылдын 24-сентябрь күнү саат 10:30 чамасында Ноокен райондук ооруканасынын тез жардам бөлүмүнүн дарыгери 102 номерине чалган. Ал Ноокен районунун Масы айыл аймагындагы жол четиндеги эгин талаада, Ноокен районунун тургуну 1973-ж.т. Ж.М. аттуу жарандын жансыз денеси жаткандыгын билдирген. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 

Бул факты ошол эле күнү Ноокен РИИБдин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренесинде (Киши өлтүрүү) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен катталып, сотко чейнки өндүрүш иши башталган.

Жалал-Абад ОИИБдин жана Ноокен РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектүү катары Ноокен районунун тургундары 2002-ж.т. А.Ж. жана 2005-ж.т. К.А. кармалышкан. Шектүүлөр тергөө иштеринин жүрүшүндө окуя кандай болгонун жеринде көрсөтүп беришкен.

Окуяга шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы Ноокен райондук сотунда каралып, А.Ж. 2 айлык мөөнөткө убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми К.А. жашы жете өспүрүм болгондуктан Ноокен райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан ата-энесинин колуна өткөрүлүп берилген. Учурда тергөө амалдары уланууда.