Жаңылыктар
Жалал-Абаддын Аксы районундагы «Жеңи-Жок» атындагы мектептин курулушу аяктоодо
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абаддын Аксы районундагы «Жеңи-Жок» атындагы мектептин курулушу аяктоодо

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы «Жеңи-Жок» атындагы мектептин курулушу план боюнча жүргүзүлүүдѳ. Объект жакында пайдаланууга берилет.

Азыркы учурда, подряддык уюм тарабынан сырткы жасалгоо иштери, жана көрктөндүрүү боюнча иштер жүргүзүлүүдѳ. Мындан тышкары, окуу процесси үчүн керектүү жабдуулардын жана эмеректердин орнотулган иши башталды.

Белгилей кетсек, бул мектеп 225 окуучуга ылайыкталган, бул калктуу конушта 500 окуучуга чейин окутууну камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Анда долбоор боюнча окуу корпусу, галерея, ашкана, спорттук зал, актовый зал, ошондой эле жабдылган химия, физика, информатика класстары курулууда.

Эскерте кетсек, мектептин куруулушу өткөн жылдын январь айында башталган. Анын сметалык баасы 870 124 долларын түзүп, фонд тарабынан 622 138 доллары каржыланган.