Жаңылыктар
Германия менен Австралиянын айрым аймактарында катуу куюн болду
Кыргызстан жаңылыктары
Германия менен Австралиянын айрым аймактарында катуу куюн болду

Германия менен Австралиянын айрым аймактарында катуу куюн болду. Германиянын Киль шаарындагы куюндан бир нече киши оор жаракат алып, алтоо ооруканага жаткырылды. 

Ошондой эле бир катар үйлөр жабыркады. Ал эми Австралиянын Сидней шаарында болгон катуу куюн ондогон имараттарды, унааларды жараксыз абалга алып келди. Бак-дарактар түп тамыры менен жулунуп, электр зымдары үзүлдү. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын маалыматына ылайык, бул жерде табигый кырсыктан үч адам жабыркаган. Куюндун кесепети Жаңы Түштүк Уэльстин Батерст шаарына да тийди.