Жаңылыктар
Сузак районунун Барпы айылында заманбап бала бакча ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Сузак районунун Барпы айылында заманбап бала бакча ачылды

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы айылында 50 орундуу заманбап балдар бакчасы пайдаланууга берилди. Барпы айылында бакчага бара турган курактагы балдардын саны 3 800дү түзөт. 

Буга чейин айылда мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жоктугу көйгөй жаратып келген. Эми элеттиктердин негизи маселелеринин бири аз да болсо чечилип, балдар өзүнүн айылында эле мектепке чейинки даярдыкты көрө алат. Долбоордун жалпы сметалык баасы 14 млн 471 миң 384 сомду түзөт. Аны АРИС уюму жүзөгө ашырган.