Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Вена шаарында Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Туруктуу Кеңешинин кезексиз жыйынына катышты.
Министр кеңешке мүчө мамлекеттердин өкүлдөрүнө Кыргызстандагы реформалар, жарандык коомду өнүктүрүү, адам укуктарын, анын ичинде улуттук азчылыктардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигин камсыздоо жаатындагы жетишкендиктери тууралуу маалымат берди. Бул реформалардын баарынын кыймылдаткычы Кыргызстандын көп улуттуу, эркиндикти сүйгөн эли экени, алар дайыма бийликтен адилеттүүлүктү жана мыйзамдуулукту, мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыгы үчүн эффективдүү иштөөнү талап кылары белгиленди.
Былтыркы октябрь окуяларынын себептерине, республикалык бийликтин ички саясий абалды стабилдештирүү жана конституциялык нукка кайтаруу аракеттерине токтолду. ЕККУнун алдындагы Россия, ЕБ, Түркия, АКШ, Улуу Британия, Азербайжан, Түркмөнстан, Тажикстан, Өзбекстан, Швейцария, Норвегиянын туруктуу өкүлдөрү Кыргызстанда өткөрүлүп жаткан ички саясий жана экономикалык реформаларды колдоосун билдиришти.