Бишкекте унаанын алдыңкы жана каптал айнектерин мыйзамсыз караңгылатып алып, айдаган айдоочуларга каршы рейд жүргүзүлдү.
Патрулдук милиция бул багыттагы иштерди ыкчамдатты. Эреже бузган айдоочулар токтотулуп, протокол түзүлүп, айып пул салынды. 2 сааттын ичинде 15 айдоочу аныкталып, 82 миң 500 сом айып салынды. Мындай текшерүүлөр эми ай сайын жүргүзүлмөкчү.
Унаасынын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо мыйзамга каршы. Буга чейин эле бир канча жолу эскертүүлөр берилгени менен айдоочулар эрежеге баш ийбей келет.
Мыйзамга ылайык, айнегин караңгылаткандарга 5 миң 500 сом айып салынат. Эгерде айдоочу салынган айып пулду 30 күндүн ичинде төлөй турган болсо, бул сумманын жарымын 2 миң 700 сом гана төлөп калат.
Рейддин жүрүшүндө унаанын терезелерин атайын караңгылатып айдаган 15 айдоочу аныкталып, жалпы 82 миң 500 сом айып салынды. Мындан тышкары жасалма мамлекеттик номуру, мас абалында жана башка жол эрежелерин бузган айдоочулар кармалды.