Жаңылыктар
Мамлекет башчысы акыркы жылдары өлкөдө кылмыш иштерин иликтөө сапаты төмөндөгөнүн белгиледи
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекет башчысы акыркы жылдары өлкөдө кылмыш иштерин иликтөө сапаты төмөндөгөнүн белгиледи

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров акыркы жылдары алгачкы текшерүүнүн жана тергөөнүн компетенттүүлүгүнүн деңгээли, кылмыш иштерин иликтөө сапаты кескин төмөндөп баратканын белгиледи. 

Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин, адвокаттардын жана судьялардын кесиптик иш билгилиги коом тарабынан сынга алынып келет. Садыр Жапаровдун айтымында, тергөө органдарынын далилдердин бурмалоого көбүнчө көз жумуп койгон мамлекеттик айыптоо жана соттор сот адилеттигин орнотуучу орган эмес, чынында, жазалоочу органга айландырууда. 

Президент белгилегендей, мындай терс көрүнүштөрдү укук коргоо органдарынын мыйзамсыз аракеттерине, соттордун адилетсиз чечимдерине, алардын жазасыз калышына туш болгон карапайым жарандар, коомдук-саясий ишмерлер өзүнүн жон-териси менен сезип жатышат. Бул биринчи кезекте жарандардын жана юридикалык жактардын менчик укуктарын чечүү маселелерине тиешелүү. 

Прокурордук көзөмөл кылмыштардан зыян тарткан жарандардын жана ошондой эле мыйзамды бузгандардын да укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун маанилүү кепилдиги болууга тийиш - деди Мамлекет башчы.