Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Динара Кутманова “Кумтөр” кенинде канадалыктар кандай мыйзам бузууларга барганын жазып чыкты.
Ал кен байлыктарды тазалоочу курулмалардын ар кайсы жерине таштандылар – химиялык заттар салынган контейнерлер, цианиддер, май чүпүрөктөр, инженердик тетиктердин калдыктары көмүлгөнүн билдирди.
“Кызматкерлердин айтымында, 25 унаа көмүлгөн жана аларды табыш керек. 2012-жылы мен мөңгүлөрдө пайда болгон кара тоолорду көрүп нес болгом. Буга чейин мөңгүлөргө 1 млрд тоннадан ашык таштандылар төгүлгөн. Мен мындай уятсыздыктан таң калгам, эми кайра нес болуп отурам. Эмне дешимди билбей турам! Центерраны коргоп жаткандарга дагы кандай факты керек? Канадада ушундай кылууга уруксат берет беле? Эми биздин укук коргоо органдары экологиялык мыйзам бузууларды аягына чейин чыгарып, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартып, келтирилген зыяндын ордун толтуруш керек!”, - деп жазган Кутманова.