Жаңылыктар
Аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында 11 кичи грант ишке ашырылууда
Кыргызстан жаңылыктары
Аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында 11 кичи грант ишке ашырылууда

Кыргызстанда ар улуттагы аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында Европа Биримдиги атайын программаны каржылоодо. 

“Эл биримдиги ар түрдүүлүктө” аттуу долбоордун алкагында 11 кичи грант ишке ашырылып жатат. Анын негизинде укуктук кеңештер берилип, социалдык жана медициналык жардамдарды алуу боюнча окутуулар жүргүзүлүүдө. Ошондой эле аялдардын ар тармактардагы сабаттуулугун жогорулатуу, ишкерлик жөндөмдөрүн арттыруу каралган. Долбоор 40 айылды камтыды.