Жаңылыктар
Талант Мамытов баштаган парламенттик делегация Новосибирскке барды
Кыргызстан жаңылыктары
Талант Мамытов баштаган парламенттик делегация Новосибирскке барды

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов баштаган парламенттик делегация Россия Федерациясына иш сапары менен барды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. 

Делегациянын курамында депутаттар Каныбек Иманалиев, Бейшеналы Нурдинов жана Искендер Матраимов бар. Сапардын алкагында төрага Талант Мамытов Новосибирск облусунун губернатору жана аталган аймактагы кыргызстандык мекендештер менен жолугушат. Андан аркы сапар Алтай Республикасында уланат.