Жаңылыктар
Сузакта сегиз адам күйдүргү оорусуна шектелип ооруканага түштү
Кыргызстан жаңылыктары
Сузакта сегиз адам күйдүргү оорусуна шектелип ооруканага түштү

Сузакта сегиз адам күйдүргү оорусуна шектелип ооруканага түштү. Бул тууралуу Карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар борборунун бөлүм башчысы Кубан Бектурдиев билдирди. 

Анын айтымында, ооруканага түшкөндөрдүн ичинен төртөөндө күйдүргү оорусу лабораториялык анализдерден кийин аныкталды. 

“Бейтаптардын баарынын абалы канааттандырарлык. Тиешелүү дарылануудан өтүп жатат. Алар уй союшкан. Ошондой эле 20 адам дагы уйдун этин жегендиги үчүн байкоого алынды”, - дейт Бектурдиев.