Жаңылыктар
Бишкектеги "Кыял" базарында өрт чыкты
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектеги "Кыял" базарында өрт чыкты

Бишкек шаарындагы “Кыял” базарынан 30-сентябрдын таңында өрт чыгып, бут кийим оңдоочу, 17 даана кийим тигүүчү машиналар, идиш аяктар, суусундук сатуучу 17 даана темир контейнерлер жана темир устундуу пластмас менен жабылган өтмөктөрдүн чатырлары күйгөн. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ошондой эле эки чач тарачтын пластик терезеси жана аба муздаткычы ээриген. Жалпы аянты болжол менен 100 чарчы метр. Өрттү өчүрүүгө бир бөлүм жана суу ташуучу унаа, штаб тартылды. Өрт саат 4:33тө чектөөгө алынып, 05:27де толук өчүрүлдү. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.