Бишкек шаарынын Ленин районунда милициянын жаңы аймактык бөлүмчөсү ачылды. Аны ачуу аземине шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Ногойбаев, Ленин райондук Ички иштер башкармалыгынын башчысы Бакытбек Нарчаев баштаган милиция жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
Ногойбаев милиция бөлүмчөсүнүн имаратын курган компаниянын жетекчисине ыраазычылык билдирип, мекеменин медалын ыйгарды. Борбор калаанын Павлов, Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан пункт күнү-түнү иштеп, 12 кызматкер коомдук коопсуздукту камсыз кылат.