Жаңылыктар
Алай районунда "Тоо театрларынын биринчи фестивалы" өтүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Алай районунда "Тоо театрларынын биринчи фестивалы" өтүүдө

Ош облусунун Алай районунда Алымбек датканын 220, Курманжан датканын 210 жана Алай театрынын 75 жылдыгына карата "Тоо театрларынын биринчи фестивалы" өтүүдө. 

Фестивалга республикадагы жети театрдын өнөрпоздору жана коңшу Өзбекстандын Наманган облустук музыкалык-драма театрынын артисттери чакырылган. Иш-чаранын максаты Алымбек датка менен Курманжан датканын ысымын кийинки муунга калтыруу жана фестивалды салттуу иш-чарага айландыруу. 

Фестивалда Султан Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театрынын артисттери тарабынан даярдалган Суранчы Жетимишовдун "Амансыңбы, апаке" спектакли жана Калык Акиев атындагы Жумгал музыкалык-драма театрынын өнөрпоздору драматург Табылды Актандын "Баатырдын төрөлүшү" спектаклдери тартууланды.