Жаңылыктар
Эл аралык карылар күнүнө карата майрамдык концерт өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык карылар күнүнө карата майрамдык концерт өттү

1-октябрь карылардын эл аралык күнүнө карата Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда майрамдык концерт өттү. 

Ага мэриянын социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын каттоосунда турган, ошондой эле Свердлов районунун тургундары чакырылып, белгилүү ырчы, бийчилердин коштоосунда концерттик программа тартууланды. Ошондой эле майрамдын урматына мэриянын социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын каттоосунда турган карыларга почта бөлүмдөрү аркылуу белек катары акча каражаттары которулду.