Жаңылыктар
Маң затка жана аны саткандарга каршы күрөш кандай жүрүп жатат?
Кыргызстан жаңылыктары
Маң затка жана аны саткандарга каршы күрөш кандай жүрүп жатат?

Көрнөк-жарнактарга, үйдүн дубалына жана көчөлөргө жазуу түшүргөндөр маң заттарды жайылтуучулар менен бирге иш алып барышы мүмкүн. Алар коомчулукка баңги зат саткан интернет булактардын жана онлайн-дүкөндөрдүн даректерин таркатууда. Мындай ачык үгүт иштерин ооздуктоо максатында Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Кылмыш кодексине өзгөртүү-толуктоо киргизүүнү сунуш кылууда. 

Азыркы күндө ири шаарлар менен калктуу конуштарда туш келди жазылган жазуулар көбөйдү. Ар кандай жарнамалар көзгө чалдыгат. Учурдан пайдаланып айрым адамдар тымызын психотроптук каражаттарды саткан интернет булактын же дүкөндүн даректерин калтырып кетишет. Буга чейин кылмыш жаза кодексинде, бузуулар жана жоруктар кодексинде мындай көрүнүштөргө жоопкерчилик каралган эмес. Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы коңшу өлкөлөрдүн тажрыйбасынын негизинде маң заттарды сатууну жарнамалоо үчүн айып пул түрүндө жаза колдонууну киргизүү аракетин көрүүдө.

Кызмат жыл башынан маң заттын синтетикалык түрүн саткан 28 учурду аныктаган. Тилекке каршы жаш муун синтетикалык баңги заттарын колдонууда. Себеби анын баасы арзан болушу түрткү берет. Мисалы нашанын 10 граммы 8 миң сом ал эми синтетикалык маң зат 5 миң сом деп бааланат. Мындан улам синтетикалык зыяндуу заттарды интернет дүкөндөрдө сатуу, телеграмм каналы жана башка жашыруун жолдору кеңири тараган. 

Психотроптук каражаттар - адамдын борбордук нерв тутумуна дем бере турган же кедергисин тийгизе турган табигый жана жасалма заттар. Химиялык жол менен жасалган маң зат түрү адамдын акыл-эсине доо кетирет.

Кылмыштын бул түрү менен күрөшүү көп убакытты талап кылат. Синтетикалык заттарды интернет аркылуу сатуунун башында чет мамлекеттин жарандары тураары аныкталган. Кыргызстан ичинде ортомчулар өзүлөрүнө түшүнүктүү терминдерде жарнама кылышат жана тымызын соодалайт. Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы алардын изине түшүп ондогон интернет дүкөндөрдү жапкан.