Жаңылыктар
Казакстандагы күйүүчү майга болгон тартыштык Кыргызстанга таасир этпейт
Кыргызстан жаңылыктары
Казакстандагы күйүүчү майга болгон тартыштык Кыргызстанга таасир этпейт

Учурда Кыргызстанда мунай азыктарына болгон тартыштык жок. Мунай ташуучулар ассоциациясы коңшу Казакстандагы күйүүчү жана майлоочу майга болгон кырдаал убактылуу көрүнүш экенин жана ал Кыргызстанга таасир этпей турганын билдирүүдө. Казакстан мунайды Россиядан импорттой баштады.

Казакстандагы күйүүчү майга болгон тартыштык Кыргызстанга таасир этпейт. Эксперттердин айтымында, мунай азыктары өлкөгө негизинен Россиядан ташылып келет. мунайды бажы алымы жок дүң баада сатып алуу келишимине ылайык, Орусиянын заводдору Россия менен Кыргызстан үчүн күйүүчү-майлоочу майларды бирдей наркта сатат. 

Казакстанда күйүүчү майдын убактылуу тартыштыгына карабастан көп өлкөлөргө салыштырмалуу мунайдын баасы арзан. Мунай ташуучулар ассоциациясынын маалыматына ылайык, Казакстан менен күйүүчү-майлоочу майларды бажы алымсыз жеткирүү боюнча өкмөттөр аралык келишим жок. Экинчиден Казакстанда күйүүчү майга болгон баалар өз жарандарына гана төмөн. Ал эми башка өлкөлөргө мунай продуктулары рыноктук баада сатылат. 

Кыргызстан импортко көз каранды өлкө болгонуна карабай нефтетрейдерлер бааны туруктуу кармоо саясатын жүргүзүүдө. Кыргызстандын күйүүчү майга болгон жылдык керектөөсү 1 млн. 300 миң тоннадан ашыгыраак. Анын токсон пайыздан ашууну негизинен Орусиядан ташылат.