Жаңылыктар
Кыргызстанда ишкердик субъекттерди текшерүүгө тыюу салган мораторий алынды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда ишкердик субъекттерди текшерүүгө тыюу салган мораторий алынды

Министрлер кабинетинин бул чечими сентябрь айынан тартып күчүнө кирди. Негизги максат- бардык субъекттер ЕАЭБдин санитардык нормаларын жана ветеринардык талаптарын аткарышы керек,-дейт Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын адистери. Анын үстүнө соңку жылдары тамак аштан уулангандар көбөйгөн.

Мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматы боюнча, лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча акыркы үч жыл ичинде өлкөдө миңден ашык адам тамак аштан ууланган. Анын кесепетинен өлүмгө дуушар болгон учурлар да бар. 

Мындай жагымсыз окуялардан улам Министрлер кабинети- калктын ден соолугунун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн ишкердик субъекттерди текшерүүгө тыюу салууну алып салуу чечимин кабыл алды.

Ишкер субъектилерин текшерүү боюнча чектөөнүн алынып салынышы менен көзөмөлдөөчү органдардын жоопкерчилиги күчөдү. Эми адистер ишкерлерди күтүүсүз текшерүүдөн мурда аларга алдын ала кабар бериши керек. Ал эми эт азыктарын сатып алууда , ар бир кардар тамак -аш продуктусунун лабораториялык анализин талап кылса болот- дейт Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлери.