Жаңылыктар
Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун 100 чакырымы жылдын аягына чейин бүткөрүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун 100 чакырымы жылдын аягына чейин бүткөрүлөт

Бүгүнкү күндө жолдун үстүңкү катмарына асфальт төшөө иштери аяктады. Бул жумуштар менен катар жолду курган компания эки эстакадалык көпүрө да салат. Тогуз-Тородон, Жалал-Абадга өтө турган тоннелди куруу иштери пландан артта калганы менен негизги бөлүгүндө иш өз нугунда уланууда.

Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун курулушу план боюнча баратат. Учурда жолдун Балыкчы-Кочкор тилкесинде иш кызуу жүрүп жатат, 5 чакырым жерге асфальт төшөлүп, андан ары жолду кеңейтүү иштери башталды. 

Жолдун кырктан ашык чакырымына асфальт төшөлүп, үстүңкү катмарын бекемдөө иштери жүрүүдө. Анын 32 чакырымы толук бүттү. Министрлик жолдун негизги бөлүгүнө асфальт төшөө иштерин 10-октябрга чейин аяктайт деп пландап жатат. 

Нарын дарыясы аркылуу өткөн эки эстакадалык көпүрө жолун өзөгүн түзөт. Учурда мында жумуш өз нугунда жүрүүдө. Жакынкы аралыкта компания көпүрөнү пайдаланууга берет. Биринчи көпүрөнүн узундугу бир чакырым ал эми экинчиси 400 метрди түзөт. Азыркы тапта 17 км ылдыйкы жана 15 км өйдөңкү катмарына асфальт төшөлдү. Курулушта көпүрөнүн сапатына басым жасалууда.

Учурда жолдун дагы бир негизги бөлүгүндө жайгашкан тоннелди курууда иш пландалган убакыттан кечеңдеп жатат. Көйгөйдү чечүү үчүн компания 700 метрден ашык кооптуу аймактарды бетон менен бекемдегенден кийин гана курулуш ишинтерин улантат. Жыл соңуна чейин 100 чакырым жолдун курулушу аяктайт. Долбоор Азия өнүктүрүү банкы тарабынан берилген насыянын эсебинен ишке ашууда. Жол Балыкчыдан башталып, Кочкор, Арал аркылуу өтүп, Жалал-Абад шаарына чейин барат. Жалпы узундугу 433 чакырымдык жол пайдаланууга берилсе түндүк-түштүктү бириктирүүчү негизги жол болот.