Иш-чарага АКШ, Канада, Россия, Грузия, Казакстан жана Кыргызстандын IT компанияларынын өкүлдөрү катышууда. Бул жолку форум учурдагы санарип күн тартибин, COVID-19дун шартында санариптештирүүгө байланыштуу чакырыктарды, санариптик трансформациянын жаңы стратегияларын талкуулоого арналган.
Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагы менен Казакстандагы IT компаниясынын ортосунда меморандумга кол коюлду. Келишимдин алкагында Кыргызстандын ооруканаларына инсультту эрте аныктоочу автоматташтырылган система орнотулат. Мындай ыкманы 2 жылдан бери колдонуп келаткан коңшу өлкөдө жүрөк оорулары 2 эсеге азайган.
Бул Бишкекте өтүп жаткан эл аралык маалыматтык технологиялар форумунун алкагында жетишилген негизги келишим болду. Мындан сырткары Казакстан менен Кыргызстан документтерди электрондук түрдө алмашмай болду. Эки өлкө макулдашкан келишим мыйзам боюнча мааниге ээ электрондук документтер менен алмашууга мүмкүнчүлүк берет.
Иш чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов катышып, бүгүнкү күндө мамлекет атаандаштык чөйрөнү куруу, социалдык жактан маанилүү жана экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн биргелешкен өнөктөштүккө шарттарды түзүүгө даяр экендигин белгиледи. Кызматташуу жана өнүгүүнүн стандарттарын иштеп чыгуу үчүн күч-аракеттерди бириктирүү зарыл.
Айта кетсек, бул форум маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндөгү ири иш-чара болуп саналат. Кыргызстанда 2010-жылдан бери өткөрүлүп, маалыматтык технологияларды өнүктүрүүнүн көйгөйлөрү жана жолдорун талкуулоо үчүн чыныгы аянтча катары белгилүү.
Иш-чаранын алкагында 20дан ашуун кызыктуу баяндамалар жасалды. Катышуучулар тажрыйба алмашуу максатында секцияларга бөлүнүп, IT боюнча кызыктуу жана актуалдуу темаларда баарлашты. Ошондой эле Түрк тилдүү мамлекеттердин аймактык бирдиктүү экосистемасын түзүү сунушу айтылды.