Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Брюсселге болгон иш-сапарынын алкагында Европа Кеңешинин Президентинин тышкы саясат боюнча башкы кеңешчиси Саймон Мордю менен жолугушту.
Тараптар Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын талкуулады. Казакбаев өлкөдөгү реформалар жана 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоо тууралуу маалымат берди. Саймон Мордю Европа Биримдигинин Кыргызстан менен өнөктөш мамилесин кеңейтүүгө даярдыгын ырастады.
Жолугушууда Президент Садыр Жапаровдун Бельгияга боло турган иш-сапарына жана анын европа институттарынын жетекчилери менен жолугушууларына өзгөчө көңүл бурулду. Министр мамлекет башчынын Европа Кеңешинин Президенти Шарль Мишелге келерки жылы Кыргызстанга иш-сапары менен келип кетүүгө чакыруусун тапшырды. Афганстандагы кырдаалга жана аймактагы коопсуздук маселелерине кайрылып, тараптар афгандык аялдар үчүн билим берүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, тынчтык орнотуу, баңгитрафикти, зомбулук экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүүнүн алкагында кызматташуу боюнча пландарын талкуулашты.