Кыргызстанда кафе, дүкөндөрдүн, парктар менен көчө жана жарнак жарыктандыруулары өчүрүлөт. Мындай чечим - Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү азайгандыгына байланыштуу кабыл алынган.
Учурда суу сактагычта 12,3 миллиард куб суу бар. Бул көрсөткүч аз, анткени өлкөнүн керектөөсү жылдан жылга өсүүдө,- дейт “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ишканасынын жетекчиси Талайбек Байгазиев. Айтымында, акыркы убакта өлкөдө цемент заводдору курулуп, кен казуу иштери тынымсыз жүрүп жатат. Кургакчылыкка байланыштуу ГЭСтеги суунун көлөмү төмөндөп кеткен. Учурда аны толуктоо иштери жүрүүдө. Ошентсе да, калк үчүн электр энергияга болгон тариф өзгөргөн жок-деди Талайбек Байгазиев.