Жаңылыктар
Президенттин жарлыгына ылайык, чылым жана кальян чегүүгө тыюу салынган жайлардын тизмеси
Кыргызстан жаңылыктары
Президенттин жарлыгына ылайык, чылым жана кальян чегүүгө тыюу салынган жайлардын тизмеси

Президент Садыр Жапаров кол койгон коомдук жайлар менен мекемелерде чылым чегүүгө тыюу салууну шарттаган мыйзамга ылайык, белгилүү бир жайларда тамеки, электрондук чылым жана кальян чегүүгө толугу менен чектөө киргизилди.

1. Мекеменин жана менчигинин түрүнө карабастан подъезддерде, лифттерде, аянттарда, дааратканаларда, көп кабаттуу үйлөрдүн жалпы колдонуучу жайларында;

2. Жаштар, маданият жана спорт иштери боюнча мекемелерде, социалдык кызматтардын имараттарында, стадиондордо;

3. Темир жол жана автобекеттеринде;

4. Калкка кызмат көрсөтүүчү жайларда, анын ичинде мейманкана, тиричилик тейлөө, коомдук тамактануучу жайларда, убактылуу тургузулган соода объектилеринде;

5. Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү имараттарда;

6. Имараттарда жана курулмаларда уюштурулган жумуш орундарында, жумушчу зоналарда;

7. Өрт чыгуу коркунучу бар жерлерде, анын ичинде күйүүчү май куюучу жайларда;

8. Коомдук тамактануу жайларында (түйүндөрдө);

9. Коомдук транспортто, анын ичинде таксиде, суу жана аба кемелеринде, жергиликтүү жана алыс каттамдагы поезддерде;

10. Мекеменин жана менчигинин түрүнө карабастан бардык билим берүү уюмдарында, балдардын эс алуу жайларында, балдар аянтчаларында;

11. Мекеменин жана менчигинин түрүнө карабастан бардык саламаттык сактоо уюмдарынын мекемелеринде;

12. Реабилитациялык жана санаторий-курорттук кызматтарды көрсөтүүгө арналган жайларда;

13. Калкка соода кызматтары көрсөтүлүүчү имараттарда, курулмаларда жана жабык базарлардын аймактарында;

14. Аялдамаларда;

15. Тамеки чегүү үчүн атайын жайларды кошпогондо массалык-маданий, спорттук иш-чараларды, акцияларды, чогулуштарды өткөрүп жатканда ачык аянтчаларда, пляждардын аймагынын чектеринде

Аталган жайларда чылым чегүүгө ылайыкталган шарттарды түзүүгө да тыюу салынат. Бир гана аэропорттордо өрт жана авиация коопсуздугунун талаптарын сактап, желдетүү системаларын коюу менен атайын бөлмөлөрдү уюштурууга болот. Ар бир орган жана мекеменин жетекчилери бул мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөөгө милдеттүү.